Штефан Таркович расмий түрдө “Ак шумкарлардын” машыктыруучусу болду

Автор

Штефан Таркович Бишкекке келип, Кыргыз футбол бирикмеси менен келишим түзүп, расмий түрдө улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу кызматын ээледи.

Спорттук уюмдун маалыматына караганда  келишим бүгүн, 2-майда түзүлүп, анын мөөнөтү 2024-жылдын 30-июнуна чейин эсептелген.

“Мага болгон ишеним үчүн Кыргыз футбол бирикмесинин президентине ыраазычылык билдирем. Бизде чоң пландар бар, бардыгын план боюнча аткарууга аракет кылабыз”, – деди словакиялык адис.

Эскерте кетсек, словакиялык адис Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курмасынын башкы машыктыруучусу болуп 24-апрелде дайындалган. Мындай чечим Кыргыз футбол бирикмесинин аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

12 миңге жакын үйгө техникалык паспорт берилди

Быйыл апрелдин аягына чейин 10 миң 744 үйгө техникалык паспорт берилди. Негизи, бул үйлөр Бишкек шаары боюнча басып алынган үйлөр болуп эсептелинет. “Кадастр” мамлекеттик ишканасы билдиргендей, алардын 2392си Ленин, 4859у Биринчи май, 3006сы Свердлов жана 487и Октябрь райондоруна туура келет. Мекеме техникалык паспорттор жерди мыйзамдаштырууга укук бербей турганын,  өзүм билемдик […]

Сизге жагышы мүмкүн