12-январга карата аба ырайы. Кар жаайт

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-январда түнкүсүн көпчүлүк аймакта кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Күндүн биринчи жарымында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түштөн кийин жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…0, күндүз +1…+6,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +2…+7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-10, күндүз -7…-2.

Бишкекте 12-январга караган түнү кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +4…+6 градус жылуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Азия Кубогу башталат

Бүгүн, 12-январда Катарда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын катышуусу менен 2023-жылкы Азия Кубогу башталат. Турнирге төрт командадан алты тайпага бөлүнгөн 24 улуттук курама катышат. Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир тайпадан эки мыкты команда, ошондой эле 3-орунду ээлегендердин ичинен 4 мыкты команда чыгат. Плей-офф баскычында командалар […]

Сизге жагышы мүмкүн