Путин кайрылуусунда калкты колдоонун жаңы чараларына, согуш темасына токтолду

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Федералдык Жыйынга кайрылуусунда калкты колдоонун жаңы чаралары жарыялады. Айтымында согуш ардагерлерине жеңилдетилген ипотека, үзгүлтүксүз медициналык кароо, салыктан жеңилдик болот. Аймактар ​​карызынын үчтөн экиси кечилет, айрым ишканалар текшерүүдөн бошотулат, үй-бүлөлүк ипотека узартылат.
Мунун бардыгына акча табууда Путин салык реформасы жөнүндө ойлонууну сунуштады. Өлкөдөгү жетекчилик кызматтарга атайын операциянын баатырларын алып келүү убадасын берди.
Путин Федералдык Жыйынга билдирүүсүндө “Кинжал”, “Циркон” сыяктуу Батышка колдонулушу мүмкүн болгон куралдар, согуш темасына кайрылды.
Путин Батыш өлкөлөрү Украинага аскерлерин жиберсе, “кайгылуу кесепеттерге алып келерин билдирди. “Биз бир кезде биздин өлкөнүн аймагына өз контингенттерин жөнөткөндөрдүн тагдырын эстейбиз. Бизде да курал бар – ооба, алар бул тууралуу билишет. Алардын аймагындагы буталарга сокку ура алат. Айрымдары Украинадагы согушта колдонулуп жатат”,-деген Путин 2018-жылдагы кайрылуусунда көрсөткөн башка куралдардын сыноолору аяктап жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле Россиянын стратегиялык өзөктүк күчтөрү колдонууга толук даяр абалда экенин жарыялады.

Бөлүшүү:
Next Post

Бир тууган жээндери экс-депутаттын үстүнөн даттанышты

Мурдагы депутат Сагындык Келдибаевдин бир тууган жээндери өлкө жетекчилерине кайрылышты. Алар “Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, таякебиз Сагындык Келдибаев бизди 610 миң долларга алдап, Америкага качып кетти”,- деп билдиришти. Белгилүү болгондой, УКМК төрагасына кайрылган жээндери көп жыл Орусияда иштеп, каражат топтошкон. Кыргызстанга кайтып келишкенде сырттан унаа ташып келип сатуу менен алектенип […]

Сизге жагышы мүмкүн