Бир тууган жээндери экс-депутаттын үстүнөн даттанышты

Автор

Мурдагы депутат Сагындык Келдибаевдин бир тууган жээндери өлкө жетекчилерине кайрылышты. Алар “Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, таякебиз Сагындык Келдибаев бизди 610 миң долларга алдап, Америкага качып кетти”,- деп билдиришти.
Белгилүү болгондой, УКМК төрагасына кайрылган жээндери көп жыл Орусияда иштеп, каражат топтошкон. Кыргызстанга кайтып келишкенде сырттан унаа ташып келип сатуу менен алектенип башташкан. Ошол кезде аталган экс-депутаттын баласы унаа сатышып жүрүп, жээндеринин ишенимине кирген. “Биз Ошто жашоочубуз. Таякемдин баласы биздин унааларды сатып иштечү. Кийин эле качып калды. Биз таякебизге айтсак, ал ортого түшүп, акчаңарды мен берем деди. Көрсө, качып кетүүгө даярдык көрүп жатышкан экен. Учурда АКШнын Чикаго шаарында бизнес менен алектенип жүрүшөт”,- дешти.
Сагындык Келдибаев 2018-жылы “Республика — Ата-Журт” партиясынан депутат болуп келген.

Бөлүшүү:
Next Post

ИИМдин кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, КР Аскер прокуратурасына А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ИИМнин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери К.М., С.У. жана Т.А. менен биргеликте анын “BMW X7” унаасын белгисиз адамдар ээлик кылып алгандыгына чара көрүү […]

Сизге жагышы мүмкүн