Путин өзөктүк сыноолор боюнча: АКШ өткөрсө, анда биз да өткөрөбүз

Автор
Путин өзөктүк сыноолор боюнча: Америка Кошмо Штаттары өткөрсө, анда биз да өткөрөбүз
Владимир Путин 21-февралда Федералдык жыйында кайрылуусунда Москва Стратегиялык чабуул койчу куралдарды кыскартуу жөнүндө эл аралык келишимди убактылуу токтоторун жарыялады. Ал эгер АКШ биринчилерден болуп өзөктүк сыноо өткөрсө, Россия өзөктүк сыноолорду өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал АКШда өзөктүк куралдын жаңы түрлөрү иштелип жатканын кошумчалады.
“Эгер АКШ сыноо өткөрсө, биз дагы аны жасайбыз. Бул кырдаалда Россиянын Коргоо министрлиги менен Росатом өзөктүк куралды сыноого даярдыгын камсыз кылышы керек”,-деген Путин Россия биринчи болуп сокку урбай турганын баса белгиледи.
Булар менен бирге Украинага Батыш алыскы аралыкка атылуучу куралдары канчалык көп берсе, коркунучту өз чек араларынан алыстатууга ошончолук мажбур болорун кошумчалады.
Учурда дүйнөдө өзөктүк куралга ээ 9 мамлекет бар. Алар Россия, АКШ, Кытай, Франция, Улуу Британия, Пакистан, Индия, Израиль жана Түндүк Корея экени айтылып келет.
Бөлүшүү:
Next Post

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга ачылган атайын эсепке 55 млн 757 миң 825 сом түштү

Бүгүн, 21-февраль саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 55 млн 757 миң 825 сом жана 14 миң 400 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп […]

Сизге жагышы мүмкүн