Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү тазалоо иштерине катышты

Автор

Президент Садыр Жапаров жарандарды жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы социалдык тармактагы  жазды.

Ага ылайык, президент  өзгөчө кырдаалдар министри, суучулдар менен чогуу барып, Ысык-Көлдөгү торлорду, түбүндөгү таштандыларды тазалоо иштеринин жүрүшүн жеке өзү кыдырып, көрүп чыккан.

Мамлекет башчысы анын тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта торлорду, таштандыларды тазалоо иштери башталгандыгын эске салды.

“Бүгүнкү күнгө чейин 100 км балык кармоочу тор, 6,8 тонна таштанды чыгарышты. Ушул 100 км тордун көбү эски торлор. Аларга чалынып өлүп, чирип жаткан балыктар, өрдөктөр жана башкаларды көрүп зээниң кейийт. Биздин суучулдарыбыз канча айдан бери мээнет кылып, бир сыйра тазалап чыгып, көлгө кайра киришсе, дагы жаңы торлорду таап чыгып жатышыптыр. Бул – эмне деген кайдыгерлик, өзүбүздүн көлүбүзгө болгон эмне деген кара мүртөздүк?!

Анан келип алып, экология жана башка деп тим эле эксперт болуп акыл үйрөтүп чыга келебиз. Эң эле жөнөкөй ичкен-жегенибиздин калдыктарын атайын коюлган урналарга салгандан эринип, туш келди таштап, эч нерсе болбогондой басып кетебиз. Буга чейин Сары-Челекке да бардым эле. Ал жакта Кудайга шүгүрчүлүк, көлдүн түбү эски торлордон, таштандылардан таза экен. Ал эми дагы бир ири көлүбүз Соң-Көлдө абал кыйын деп маалымат келип жатат. Ал жакты дагы катуу көзөмөлгө алабыз. Буюрса, жалпы республика боюнча жаратылышыбыздын тазалыгына кам көрүү жаатында иштерди улантабыз.

 

Урматтуу мекендештер, баарыңыздарды Кыргызстандын Кудай берген ажайып кооз жаратылышын таза кармоого, сактоого чакырат элем.

 

Бир күн менен жашабай, эртеңки келечекке айлана-чөйрөбүздү, көлдөрүбүздү, агын сууларыбызды таптаза кылып өткөрүп берели. Айрыкча, жогоруда аталган көлдөрүбүзгө, жайлоо-төрлөрүбүзгө барган эс алуучулар, таштанды таштабасаңар, силердики болбосо дагы көргөн, жолуктурган таштандыларды тазалап, чыгарып кетсеңер.

Колуңарга жугуп калбайт, быйыл бул жерге силер келип эс алсаңар, эмки жылы балдарыңар, аркы жылы неберелериңер келип эс алат.

Келгиле, жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча өзүңөрдү өзүңөр көзөмөлдөгүлө! Коомдук көзөмөл кылып, бири-бириңерди тарбиялагыла!

Жаратылышыбызга өзүбүз күйбөсөк эч ким күйбөйт, эч ким келип тазалап бербейт!

Айлана-чөйрөбүзгө алгач өзүбүз туура мамиле кылып, таза сактасак, башкалар да ошого көнөт, ошондой сый мамиле жасайт!

Ошентип эс алуу маданиятын калыптандыралы!”, – деди президент.

Бөлүшүү:
Next Post

“Жылдыздуу жээк - 2023” поэзия фестивалы башталды

Акын Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк  – 2023” поэзия фестивалынын расмий ачылыш аземи көгүлтүр көл жээгиндеги “Акун” пансионатында башталды. Алгач Ч.Турсунбековдун өмүр баянын чагылдырган видеофильм көрсөтүлдү. Андан соң акындын рухуна багышталып куран окулду. 3-ирет өткөрүлүп жаткан фестивалды “Ч.Турсунбеков” атындагы фонддун негиздөөчүсү, акындын жубайы Н.Тентимишова ачып, финалисттерди куттуктап, фестивалдын […]

Сизге жагышы мүмкүн