Жогорку Кеңеште “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын” жарыялоо сунушталды

Автор

2024-жыл “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы” болсун деп “Элдик” фракция тобунун депутаты Кубаныч Самаков сунуштады.  Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрда парламенттин  жалпы жыйынында сөз алып, 1924-жылдын 14-октябрында СССРдин курамында алгачкы жолу Кара Кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп, кайра макамыбыз 1926-жылы автономиялуу Республикага көтөрүлгөнүн, 100 жылдан бери туруктуу өнүгүүнүн натыйжасында өлкөнү өнүктүрүү менен Эгемендүү эл болгонубузду айтты.

Андыктан, келаткан жаңы жылды “Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн жылы” деп атоого толук негиз бар экени айтылып, депутаттарга жана президентке сунуш берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламентте авиа каттамдардын кечиктирилиши айтылды

“Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков кышында аба ырайынын туруксуздугунан авиа компаниялар каттамдарын кечиктирип, же, кийинкиге жылдыра беришээрин айтып, Манас аба майданы алар менен эмитен келишим түзүүсүн сунуштады. Депутат билдиргендей, авиа компаниялар каттамын жылдырган убакта жүргүнчүлөрүнө ысык тамак уюштуруп берүүсү керек. “Жакында тоңголок, кар жана жолдордун катаалдыгы башталат. Мындайда, адамдар […]

Сизге жагышы мүмкүн