“Жылдыздуу жээк – 2023” поэзия фестивалы башталды

Автор

Акын Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк  – 2023” поэзия фестивалынын расмий ачылыш аземи көгүлтүр көл жээгиндеги “Акун” пансионатында башталды.

Алгач Ч.Турсунбековдун өмүр баянын чагылдырган видеофильм көрсөтүлдү. Андан соң акындын рухуна багышталып куран окулду.

3-ирет өткөрүлүп жаткан фестивалды “Ч.Турсунбеков” атындагы фонддун негиздөөчүсү, акындын жубайы Н.Тентимишова ачып, финалисттерди куттуктап, фестивалдын жалпы катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

“Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалынын биринчи туруна 100дөн ашык автор катышып, алардын ичинен 5 автор – Н.Өмүрбаева, М.Касейинова, Ч.Рыскелдиев, А.Кудайберди кызы жана Б.Адиев финалга өткөн. Биринчи турдун жеңүүчүлөрү ырларын көркөм окуп берүү менен кайрадан калыстардын сынынан өтөт. Аталган беш автор “чүчү кулак” кармап, фестивалдын экинчи күнүндө 3 автор, үчүнчү күнү 2 автор өз чыгармачылыгын тартууламай болушту.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КР Эл акыны А.Рыскулов төрагалык кылып, курамы 5 кишиден (Б.Сарыгулова, А.Акбаров, А.Медетов, Б.Таштаналиев) турган комиссия 2-турдагы өз ишин баштады.

Фестивалдын алкагында “Мен дүйнөнү баланын көзү менен карайм” аттуу эссе сынагынын финалисттери да “чүчү кулак” кармап, кезегин аныкташты. Ал эми ушул эле эссе сынактын жарым финалисттерине Сертификаттар ыйгарылды.

Нарын шаарындагы мектеп окуучулары арасында өткөн “Жылдыздуу жээк” көркөм окуу сынагынын жеңүүчүлөрү да сыйланышты.Фестиваль 3 күн катары менен өтүп (29-30-июнь, 1-июль) жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи менен расмий жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 30-июнга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.1 сом  болсо, сатуу  87.6 сом  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 22 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн