Президент Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушуна капсула салды

Автор

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салды. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткен. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы пландалууда. Аянты 4 миң гектарды түзөт.

Тыштан келген инверсторлор сала турган Асман эко-шаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулат. Заманбап Асман экологиялык таза шаарын 7-10 жылда куруп бүткөрүү пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Маск Цукерберг менен Колизейде беттешүүнү каалайт

Ишкерлер Илон Маск менен Марк Цукербергдин ортосундагы мушташтын болжолдуу жери белгилүү болду. Маск Римдин Колизейинде жолугушууну талап кылды. Илон Маск Мета корпорациясынын жетекчиси Марк Цукерберг менен кармаш Колизейде өтөт деген үмүтүн билдирди. Буга чейин Tesla компаниясынын жетекчиси Маск Цукербергди ММА мушташына чакырып, ал чакырыкты кабыл алган. Илон Маск мушташка даярданып […]

Сизге жагышы мүмкүн