Ажылыкка алгачкы төлөмдөрдү кабыл алуу аяктады

Автор

Келерки жылы ажылык зыяратка барчулардан алгачкы төлөмдү кабыл алуу токтотулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь, саат 09:00гө карата ажылыкка барууну каалаган 6 миң 524 киши 2 миң доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана 1000 сом кайтарымсыз акча каражатын өлкө аймагындагы “РСК Банк” банкынын филиалдарына төктү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ажылыкка каттоо жана банкка баштапкы төлөм төгүү 9-ноябрда башталган.

 

Эске салсак, 2024-жылы Кыргызстанга ажылыкка баруучулар үчүн 6600 квота бөлүнгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Израил аскерлери Газадагы парламентти ээлеп алышты

Израил аскерлери Газа шаарындагы парламенттин имаратын көзөмөлгө алды.  Палестиналык ХАМАС кыймылынын мыйзам чыгаруу кеңешинин имаратындагы аскер кызматкерлеринин сүрөттөрү маалымат каражаттарында жарыяланды. ХАМАСтын мүчөлөрү 2007-жылдан бери Газадагы Палестинанын Мыйзам чыгаруу кеңешинин имаратында чогулуп келишет. Израилдин Коргоо күчтөрү 13-ноябрда ХАМАС Газа тилкесинин түндүгүндө аскердик түзүм катары жок экенин жарыялады.  Израилдин Коргоо министрлигинин […]

Сизге жагышы мүмкүн