Президент мунапыс жөнүндө мыйзамга кол койду

Автор

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 25-январында кабыл алынган.
Аталган Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын Жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан бошотуу жана айрым категориядагы адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлө элек мөөнөтүн кыскартуу каралган.
Кабыл алынган Мыйзам “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген адамдарга жана 7-беренесинде белгиленген кылмыштардын түрлөрүнө карата колдонулбайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте БАЭнин элчилиги ачылат

Бишкек шаарында жакын арада Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) элчилигин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган маселе президент Садыр Жапаров менен БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруинин жолугушуусунда айтылган. Тараптардын жолугушуусу Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитинин алкагында Дубайда өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык […]

Сизге жагышы мүмкүн