Жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары текшерилет

Автор

Кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарын текшерүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөнү белгилүү болду.
Алар эки айдын ичинде өлкөдөгү менчик клиникалардын ишине көзөмөл жүргүзүп, жыйынтыгына жараша Президенттин администрациясына алардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын беришет. Кыргызстанда менчик делген 3000ге жакын клиника бар. Былтыр саламаттык сактоо министрлиги аларды текшерүүгө алып, кээ бирине 1.5 млн сомго чейин айып пул салган.

Бөлүшүү:
Next Post

Швеция Украинага 680 миллион доллар жардам бөлөт

Швеция Украинага 680 миллион долларлык аскерий жардамдын жаңы пакетин жөнөтөт. Бул Стокгольмдун Украинадагы россиялык атайын операциясы башталгандан берки эң чоң транш болуп калат. Жардам пакетине түрдүү куралдар, анын ичинде гранатометтор жана 155 мм артиллериялык ок-дарылар кирет. Бронетранспортерлер менен кошо Украина үчүн каржылык ресурстар камтылган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн