Бишкекте бомба тууралуу кабардан улам окуучулар эвакуацияланды

Автор

Бүгүн, 18-декабрда Бишкекте бир нече мектептин имаратында жардыруучу зат орнотулганы тууралуу маалыматтан улам окуучулар, мугалимдер эвакуацияланды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ырастаган.
Маалыматка ылайык, милицияга №33, 89 жана 67-мектептерге жардыргыч заттар коюлган делген маалымат келип түшкөн.
Учурда жеринде милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын жана мугалимдерди толук эвакуациялоо иштерин жүргүзүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икиясы: Эл эмне дейт?

Күндөрдүн биринде, ата – бала эшегин минип, жакынкы айылдарга сапар алышат. Биринчи айылдан эшегине экөөсү тең минип өтүп баратышса, көрүп турган элдер айтышат. – Акмактар, экөөлөп минип алып ,эшегин аяшса боло дешет. Кийинки айылга келгенде, эшегин баласы минип, атасы жетелеп алат. Аны көргөн элдер: – Атасын аябаган кандай акмак бала […]

Сизге жагышы мүмкүн