Президенттер бири-бирине күчүк белек кылды

Автор

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов башкаруусунда биринчи жолу Түркияга расмий сапар жасады. Анкарага келген лидер алгач Ататүрктүн күмбөзүнө жана 2012-жылы анын атасы, өлкөнүн экинчи президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусунда ачылган  акын Магтымгулынын эстелигине зыярат кылды.  Андан соң түркмөн-түрк бизнес форумунун ачылышына катышты. Иш-чарадан кийин  Аксарайда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары айыл чарбадан тарта БУУнун эл аралык кызматташуудагы ролунун маанилүүлүгүнө чейин мүмкүн болгон бардык темаларды талкуулашты. Ал эми делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасы түркмөн жаратылыш газы менен электр энергиясын Түркияга өткөрүү болду. Бир топ тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Бердымухамедов Эрдоганга Гардаш аттуу түркмөн алабай күчүгүн белекке берди. Жооп катары ага  кангал тукумундагы күчүк берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте коомдук транспортко накталай төлөм 25 сом болот

1-ноябрдан тарта Бишкектеги автобус менен троллейбустарда накталай төлөм системасы киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Бишкек мэриясынын билдирди. Маалыматка ылайык, автобус менен троллейбустарда жол кире накталай төлөнсө 25 сом болот, ал эми накталай эмес төлөмдө (карточка) 11 сом бойдон калат. Маршруткаларга жол кире мурункудай 15 сом болот. Бишкектин  вице-мэр Максатбек Сазыкулов […]

Сизге жагышы мүмкүн