Карабах армяндары менен Бакунун өкүлдөрүнүн сүйлөшөөрү башталды

Автор

Азербайжандын Евлах шаарында Тоолуу Карабактан келген армян делегациясы менен Бакунун өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр башталды. Карабактын армян тургундарынын өкүлдөрү россиялык бейпилдик контингентинин коштоосунда келишти.
Сүйлөшүүлөргө азербайжан тараптан парламент депутаты Рамин Мамедов катышууда, ал ушул жылдын март айында Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан Карабак чөлкөмүнүн армян тургундары менен байланыш үчүн жооптуу болуп дайындалган.
Сүйлөшүүлөргө армян тараптан таанылбаган Тоолуу Карабактын парламентинин депутаттары Давид Мелкумян жана Арег Авагян катышууда.
Тоолуу Карабактагы армяндардын делегациясы менен азербайжандык бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү 20-сентябрда ок атышууну токтотуу келишиминен кийин жарыяланган.
Жолугушууда Тоолуу Карабактын армяндарынын укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча азербайжан тарап көтөргөн маселелер, ошондой эле Тоолуу Карабактын калкынын жашоо-турмушун камсыздоо маселелери талкууланат.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы жарыяланды

Президент Садыр Жапаров “2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жарлыкка ылайык, өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2022-жылдын 14-декабрында […]

Сизге жагышы мүмкүн