Поезддердин кагылышынан 43 адам көз жумду

Wp Pw
0 0
Read Time:26 Second

Грециянын түндүгүндө жүргүнчүлөр менен жүк ташуучу поезддин кагылышынан 43 адам көз жумду.

Грециянын өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, кагылышуудан кийин 72 адам ооруканага жаткырылды, алардын 15и шаршемби күнү кечинде ооруканадан чыгарылды.

“Hellenic Train” поезддерде жалпысынан 354 киши болгонун билдирди.  Жүргүнчүлөрдү ташуучу поездде бригаданын 12 мүчөсү жана 342 жүргүнчү болгон, жүк ташуучу поездде эки адам болгон.

28-февралда түн ортосунда Афинадан 200 чакырымдай түндүк-батышта жайгашкан Темпи шаарындагы Эвангелизмос станциясында жүк ташуучу поезд менен Афина-Салоники багытындагы жүргүнчү поезд кагылышкан.  Үч вагон рельстен чыгып кетип, өрт чыккан.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Бүгүн Бишкектеги айрым конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бүгүн, 2-мартта Бишкектеги Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт. Маалыматка ылайык, 2-мартта турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо объекттери жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде суу болбойт. Суу “Ак-Жар”, “Ак-Бата” суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт. […]