Бүгүн Бишкектеги айрым конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Автор

Бүгүн, 2-мартта Бишкектеги Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2-мартта турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо объекттери жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде суу болбойт.

Суу “Ак-Жар”, “Ак-Бата” суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жарандардан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мирлан Бакиров жаңы кызматка барат

Өткөн жумада мамлекеттик Мүлк фондунун жетекчилигинен кеткен Мирлан Бакиров жаңы кызматка барат. Ал өзүнүн арызынын негизинде кеткен. Мындай маалыматты экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди. Мирлан Бакиров айтылуу Раим Матраимовдун жакын адамы катары билинет. Ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясын жетектеген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн