“Луна-25” станциясынын кыйроосунун себеби айтылды

Автор

«Луна-25» станциясынын кыйрашынын себептеринин бири ылдамдыкты өлчөөчү аппараттын бузулушу болушу мүмкүн.
Маалымат каражаттары сөз болуп жаткан аппарат космостук станциянын багыты жана учуу ылдамдыгы жөнүндө кабарларды  станциянын компьютерине берип, кыймылдаткычка буйрук берерин белгилейт.  Ошол эле учурда Биус-Л  аппараты космосто сыноодон өткөн эмес.  Ал толугу менен россиялык тетиктерден, анын ичинде электроникадан жасалган. Түзүмдү  академик Н.А.Пилюгин  атындагы автоматташтыруу жана приборлор боюнча илимий-өндүрүштүк борбору эң кыска мөөнөттө иштеп чыккан.
Бул версиялардын бири гана, акыркы чечимди өзгөчө кырдаал комиссиясы чыгарат.
Эске сала кетсек, Россиянын «Луна-25» Ай станциясы  50 жылдан бери биринчи жолу 11-августта учурулган. Роскосмос   20-августта  аны менен байланыш үзүлгөнүн, Айдын бети менен кагылышканын билдирген.  Миссияны 2026-жылы кайталоо пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн “Ак шумкарлар” Кувейтке каршы ойнойт

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы  Кувейт  футболчулары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Маалыматка ылайык, жолдоштук беттеш бүгүн,  11-сентябрда  “Севенс” стадионунда өтөт. Беттеш  акысыз  болот. Оюн Дубай убактысы боюнча саат 20:00дө, Бишкек убактысы боюнча 22:00 башталат. Эске салсак, “Ак шумкарлар”  буга чейин Дубайдын “Аль-Наср” клубуна […]

Сизге жагышы мүмкүн