Парламентте өлкөнүн социалдык тармагы сынга кабылды

Автор

Коомдогу терс көрүнүш боюнча маселе козгогон депутат Жалалидин Нурбаев өткөн жумада сахнадагы жылаңач баланы жуундурган спектаклди сынга алды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүнкү  Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

“Мына кечээ бир бөбөк өз ата – энесинин колунан көз жумду. Биз 80 пайызы мусулман өлкөдө жашайбыз. Бирок, бүгүн коом кайда баратат”,- деди депутат. Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов тейлеген социалдык блокто ушундай тири укмуш көрүнүштөр болуп жатканын айтып, буга ким жооп берет деп сурады.

Бөлүшүү:
Next Post

Таалайбек Ибраев: "Электр энергиясына чектөө болбойт"

Электр энергиясына  эч кандай чектөө болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  кыш мезгилине даярдык боюнча маселе каралып жатканда Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Министр “Быйыл чектөө болбойт. Эгерде кайсы бир көмөк чордонунда чыңалуу жаралса,аны биз кайра калыбына келтирүү үчүн 2 саатка убакыт талап кылынат.  Электр жабдыгын өчүрүүгө […]

Сизге жагышы мүмкүн