Кыргызстандыктарга Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барбай туруу сунушталды

Автор

Кыргызстандын жарандарын Жакынкы Чыгыш аймагындагы курч кырдаалга байланыштуу бул өлкөлөргө барбай туруу сунушталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик Израилге, Иранга, Сирияга, Иракка, Ливанга жана Палестина аймактарына баруудан баш тартууну сунуштайт.
Ошол эле учурда жогоруда аталган өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандык мекендештер кырдаал турукташканга чейин коопсуздугуна көңүл бурушу керек.
Элчиликтердин шашылыш телефондору бар, алар аркылуу аймакта жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш ала алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Папилломаны дарылоонун ыкмалары

Папиллома – теринин зыянсыз шишиги болуп саналат. Бул адамдын папиллома вирусу (HPV) менен шартталган. Папилломаны дарылоо анын өлчөмүнө, жайгашкан жерине жана санына жараша болот. Учурда папилломаны дарылоонун бир нече ыкмалары бар, мисалы, химиялык тазалоо, тоңдурма, электрохирургия, лазердик терапия, криоаппликаторлорду колдонуу жана башка ыкмалар. Консультация жана деталдуу дарылоо планын түзүү үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн