Парламентте Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасы талап кылынды

Автор

“Саламаттык сактоо министринин “Чёрный хирург” деген лакабы бар экен. Бул киши убагында Рысбек Акматбаев баш болгон уюшкан кылмыштуу топтун бычак сайылган же, ок жеген балдарын бекитип операция кылып жүргөн. Мен УКМК төрагасы менен башкы прокурорго айтып коёюн, бул министрдин түздөн-түз уюшкан кылмыштуу топторго тийешеси бар”,- деп билдирди Жусупбек Коргонбай уулу.
“Эми ушул кишинин Кыргызстандын саламаттык сактоо министри болуп отурганы уят. Бул кайдагы уулар менен президенттин башын айландырып, анысы аз келгенсип, жалпы кыргыз элинин башын айлантып бүттү. Учурда өлкөбүздө өлүмдөр көбөйүп жатат. Буга чара көрүшүбүз керек”,- деди депутат. Ал президентке кайрылып, саламаттык сактоо тармагы башаламан болуп кетти деди. Ошондой эле Түркия мамлекети операция үчүн Кыргызстандык бейтаптарга 150 квота бергенин бирок, ал квоталар министрдин тууган-уругу, тааныш-билиштеринин таасири менен гана максатсыз бөлүштүрүлүп жатканы айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШда ТикТокко тыюу салынат

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы кытайлык TикТок мобилдик тиркемесин бүткүл өлкө боюнча тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Документти 352 конгрессмен колдоп, 65и каршы болгон. Мыйзам долбооруна ылайык, интернет-платформага ээлик кылган ByteDance алты айдын ичинде TикТокту сатууга тийиш. Болбосо, бул социалдык тармак тиркемелер боюнча бардык дүкөндөрдөн өчүрүлөт. Мыйзам долбоору коомчулукта катуу сындарды […]

Сизге жагышы мүмкүн