Жогорку Кеңеште мечиттерди социалдык обьектилердин катарына кошуу сунушталды

Автор

Бүгүн, 15-июнда  Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков өлкөдөгү мечиттерди социалдык объектилердин тизмесине киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, мечиттерди бардык эле айыл өкмөттөр каржылай албайт жана бул элдин суранычы экендигин белгиледи.

«Республика боюнча мечиттер социалдык объектилердин тизмесине кирбей калган. Диний мекемелерди колдоого айыл өкмөттүн акчасы жетпейт. Мечиттерди социалдык объектилерге киргизип, аларга жардам көрсөтсөк жакшы болмок», – деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

ЮНИСЕФ: Жер которгон балдардын саны 43,3 миллионго жетти

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 2022-жылдын аягына чейин жер которгон балдардын саны 43,3 миллионго жеткенин билдирди. Уюмдун аткаруучу директору Кэтрин Рассел  «Жер которгон балдардын санынын көбөйүшү бүткүл дүйнөдөгү чыр-чатактар, кризис жана климаттын өзгөрүүсү менен шартталган кырсыктар менен байланыштуу»,-деген билдирүү жасады. Баяндамада Украинадагы согуш 2 миллион баланы мажбурлап, 1 миллион […]

Сизге жагышы мүмкүн