АКШда ТикТокко тыюу салынат

Автор

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы кытайлык TикТок мобилдик тиркемесин бүткүл өлкө боюнча тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Документти 352 конгрессмен колдоп, 65и каршы болгон.
Мыйзам долбооруна ылайык, интернет-платформага ээлик кылган ByteDance алты айдын ичинде TикТокту сатууга тийиш. Болбосо, бул социалдык тармак тиркемелер боюнча бардык дүкөндөрдөн өчүрүлөт.
Мыйзам долбоору коомчулукта катуу сындарды жаратты. Илон Маск TикТокко АКШда тыюу салуу цензуранын күчөшүнө алып келет деп эсептейт.
Бүгүнкү күндө тиркемени 170 миллиондон ашык америкалыктар колдонот.

Бөлүшүү:
Next Post

Күйүүчү-майлоочу майлар кымбаттабай тургандыгы айтылды

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар кымбаттабай тургандыгы айтылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен күйүүчү-майлоочу май рыногундагы баанын абалы боюнча жумушчу жыйынында айтылды. Жыйында 2024-жылдын башынан бери АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге баанын төмөндөшү байкалып, дизелдик отунга болгон баа туруктуу болгондугу белгиленди. Март айынын башынан бери АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана […]

Сизге жагышы мүмкүн