Париж – 2024: Өкмөт Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 100 млн сом бөлөт

Автор

Жогорку Кеӊештин Социалдык саясат комитети “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Жыйында депутат Шайлообек Атазов спорт тармагына бюджетти бекитүүдө 2024-жылы Парижде Олимпиада оюндарына керектүү каражатты кечиктирбей бөлүп берүүнү айтты.

Ал эми  министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 100 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

Эскерте кетсек, Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына спортчулар Айпери Медет кызы менен Айсулуу Тыныбекова, сууда сүзүүчү Денис Петрашов, балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршебековдор жолдомо алышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Украинадагы жаңжалды токтотуунун шартын атады

Россия Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен токтотууга макул. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин кытайлык медиа корпорацияга берген маегинде билдирди. Россия Федерациясынын лидеринин айтымында, Москва окуялардын мындай өнүгүшүнө эч качан каршы болгон эмес, бирок бул үчүн Киевдин Россия Федерациясынын коопсуздук кепилдиктерин аткарууга даяр болушу керек. «Бул чыр-чатакты тынчтык жолу менен […]

Сизге жагышы мүмкүн