Мбаппе “Реал Мадрид” клубу менен 5 жылдык келишимге кол койду

Автор

Париждиктердин “Пари Сен-Жермен” клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе карьерасын”Реал Мадридде” улантат. Француз футболчу королдук клубу менен 2029-жылга чейин келишим түзгөнүн Испаниянын беделдүү Marca басылмасы жазып чыкты.
Булактын айтымында, Мбаппенин “Реал Мадрид” менен келишими 2024-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет. Бир күн мурун Килиан ПСЖнын жетекчилиги менен жолугуп, ага келишимди узартуу боюнча жаңы сунуштарды бербөөнү суранган, анткени ал буга чейин Реал менен келишимге кол койгондугу айтылды.
Эске салсак, Мбаппе ПСЖда 2018-жылдан бери ойноп келет. Бул аралыкта ал бардык турнирлерде 290 беттешке катышып, анда 243 гол жана 105 пас берген. Футболчунун клуб менен учурдагы эмгек келишими 2024-жылдын жай айына чейин түзүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров Татарстанга келди

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында Татарстанга келди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын борту Казань шаарындагы Г.Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Татарстандын башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «Келечек оюндары» эл аралык спорттук […]

Сизге жагышы мүмкүн