Балбандардын жаңыланган рейтинги чыкты

Автор

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) күрөш боюнча балбандардын жаңыланган рейтингин чыгарды.

Ага ылайык, эркин күрөш боюнча 70 кг салмактагы балбандар арасында Эрназар Акматалиев рейтингдин экинчи орунуна көтөрүлдү. Эскерте кетсек, Акматалиев Египетте өткөн Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде алтын медаль уткан.

Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салматтагы кыргызстандык балбан Акжол Махмудов биринчи орундан экинчи орунга түшүп калды. Биринчи орунга венгриялык Золтан Леваи чыкты. Ал эми 60 кг салмак боюнча Жоламан Шаршенбеков рейтинде биринчи орунду сактап калды. Белгилей кетсек, эки балбан тең Египеттеги эл аралык мелдешке катышкан эмес.

Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) рейтингде төртүнчү орунга көтөрүлдү. Буга чейинки мелдештердеги жеңилүүсүнөн улам кыргызстандык спортчу тизменин төмөнкү саптарына түшүп кеткен.

Египеттеги эл аралык мелдештен Тыныбекова алтын медаль менен кайткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Экс-президент боюнча эки ача пикир

Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келип – келбеши жөнүндө маселе күчөгөн сайын коомдо ар түрдүү талкуу жүрүүдө. Бул боюнча депутаттар дагы эки ача пикирге ээ. Жанар Акаев болсо, “Курманбек Бакиев 20 жылга соттолуп, соттун чечими чыккан. Ал канкор. Ала-Тоо аянтында канчалаган адамды аттырбады беле”- дейт.  Ал эми Исхак Масалиев адилеттүү сот болсо, […]

Сизге жагышы мүмкүн