Париж-2024: Украин футболчулары орусиялыктарды Олимпиадага катыштырбоону суранышты

Автор

Украин футболчулары Франциянын президенти Эммануэль Макрондон орусиялыктарды Олимпиадага киргизбөөнү суранышты. Бул тууралуу украиналык футболчулар Макронго кат менен кайрылышкан. Ага футболчулар кол коюшкандыгын эл аралык спорттук басылмалар жазышууда.
Ошондой эле, Украинанын жаштар курама командасы жана команданын машыктыруучулар штабы Париждин мэри Анн Идальго, Франциянын спорт министри Амели Оудеа-Кастерага жана оюндардын уюштуруучуларына кайрылышты.
Катта Олимпиадага жолдомо алган орусиялык айрым спортчулар мелдештерге кирүү талаптарын, анын ичинде SBOну колдоо талаптарын аткарбай жатканы айтылат.
Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети орусиялыктар менен беларустарга 2024-жылкы оюндарга бир катар критерийлердин негизинде бейтарап статуста катышууга уруксат берген.
Эске сала кетсек, Париждеги Олимпиада 26-июлдан 11-августка чейин өтөт

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев: “Эмил Жамгырчиевге айтып койгула. Камалбайт”

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 10-январда Эмил Жамгырчиев боюнча депутаттык комиссиянын чечимин карады. Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев катышты. Комиссия төрагасы депутат Алишер Эрбаев Башкы прокуратура Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоп, 27-декабрда аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү сунушун парламентке жөнөткөнүн айтып, комиссиянын ишмердүүлүгү […]

Сизге жагышы мүмкүн