Камчыбек Ташиев: “Эмил Жамгырчиевге айтып койгула. Камалбайт”

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 10-январда Эмил Жамгырчиев боюнча депутаттык комиссиянын чечимин карады. Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев катышты.
Комиссия төрагасы депутат Алишер Эрбаев Башкы прокуратура Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоп, 27-декабрда аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү сунушун парламентке жөнөткөнүн айтып, комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган Кыргызстандын бир да жаранын камабайбыз. Камаган да эмеспиз. Эмил Жамгырчиевге айтып койгула. Камалбайт. Келсин да сотто жооп берсин. Тергөөгө бүгүн эле келсин. Кармабайбыз, камабайбыз. Биз Эмил Жамгырчиевди издеген жокпуз. Аны издей турганга негиз да жок”, — деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга макулдук берди

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 10-январда Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга макулдук берди. Комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев бир нече отурум өткөнүн, Жамгырчиевди жоопко тартууга байланышкан бир катар материалдар каралганын, тиешелүү тараптардын билдирүүлөрү угулганын маалымдады. Каттоодон өткөн 81 депуттаттын 69у макул добушун берди. Каршы добуш бергендер болгон жок. Башкы прокуратура 27-декабрда депутат Эмил […]

Сизге жагышы мүмкүн