Неймарга 200 миллион евро сунушталды

Автор

Арабиялык  “Аль-Хилал” футболдук клубу “Пари Сен-Жермендин”  бразилиялык футболчусу Неймарды сатып алууга киришти. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Сауд Арабиялык клубдун өкүлдөрү футболчунун трансфери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө  Парижге келишкен. Клуб футболчунун трансфери үчүн париждиктерге 45 миллион евро, ал эми футболчунун өзүнө 200 миллион евро сунуштайт. ПСЖ клубу Неймар боюнча бардык сунуштарга ыраазы болоору да айтылууда.

Белгилей кетсек, Неймар өткөн сезондо клуб үчүн бардык мелдештерде 29 беттешке чыгып, 18 гол киргизип, 17 пас берген. Transfermarkt маалыматына ылайык, бразилиялык футболчунун базар баасы 70 миллионго бааланган.

Бөлүшүү:
Next Post

 Бүгүн Садыр Жапаров  өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында бүгүн, 13-июнда, КР Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Жыйында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат. Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым […]

Сизге жагышы мүмкүн