Неймар экинчи жолу ата болот

Автор

Француздардын “Пари Сен-Жермен”  клубунун футболчусу Неймар жана анын сүйүктүүсү Бруна Бианкарди наристе күтүп жатканын жарыялашты. Бразилиялык чабуулчунун  буга чейин мурунку мамилесинен бир уулу бар.

“Биз сенин жашооңду кыялданып, келүүңдү пландап жатабыз. Биздин күндөрүбүздү алда канча бактылуу кылаарыңды билебиз”, – деп жазды Неймардын сүйүктүүсү социалдык тармактарга.

Неймар “Сантос” клубунун тарбиялануучусу, ал жерден 2013-жылы Барселонага өткөн. 2017-жылы “Пари Сен-Жермен” клубу  бразилиялык чабуулчу үчүн “Барселонага” рекорддук 222 миллион евро төлөгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте прокуратура кызматкери 450 миң сом пара менен кармалды

Бишкекте прокурордун улук жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет Башкы прокуратуранын маалымат кызматы. Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-апрелде саат 18:40 чамасында Башкы прокуратурасы тарабынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам коштоосунда Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы Б.А. арыз ээсине карата кылмыш иштери боюнча маселелерди оң чечкендиги үчүн 450 […]

Сизге жагышы мүмкүн