Париж-2024: Орусиялык спортчулар кошумча текшерүүдөн өтөт

Автор

Эл аралык Олимпиада комитети Париждеги Олимпиада оюндарынын алдында орусиялык жана беларусиялык спортчуларды кошумча текшерүүдөн өткөрөт. Муну көз карандысыз талдоочулар жасайт.
Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин коммуникациялар боюнча директору Марк Адамс билдирди.
Ал «Өткөндө бейтарап спортчулардын катышуусундагы мелдештер эл аралык федерациялардын шарты боюнча өтүп, алардын жасаганына ыраазы болдук. Бирок, Олимпиада оюндарында биз мелдештерди өткөрүүгө жооптуубуз, ошондуктан биз кошумча кабыл алуу критерийлерин өзүнчө жарыяладык”, -деди.
Адамс ошондой эле Эл аралык Олимпиада комитети “татыктуу репутацияга ээ” көз карандысыз аналитиктерди аныктап, дайындай баштаганын белгиледи. Анын айтымында, дал ошолор ар бир спортчуну текшерип, критерийди бузбоосун карап чыгышат.
Эске сала кетсек, Париж Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Декабрь айында Эл аралык Олимпиада комитети орусиялыктар менен беларустарды мелдештерге бейтарап статуста жана бир катар критерийлер аткарылса гана кабыл алгандыгын жарыялаган.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТО коргонуу пландарын иштеп чыкканын билдирди

НАТОнун Аскердик комитетинин башчысы адмирал Роб Бауэр альянстын былтыр жайында Вильнюста өткөн саммитте бекитилген коргонуу боюнча жаңы пландары биринчи кезекте Россия менен кагылышуу болгон учурда иштелип чыкканын билдирди. Коргонуу пландарыбызда, стратегиябызда альянска эки негизги коркунуч – Россия жана террордук топтор деп эсептейбиз. Биз Россияны НАТОго коркунуч катары карайбыз. Биздин коргонуу […]

Сизге жагышы мүмкүн