Азия Кубогу: Катар экинчи жолу Азия чемпиону болду

Автор

Катарда өтүп жаткан Азия Кубогу-2023 чемпионатынын финалдык оюнунда талаа ээлери Катар Иорданиянын курама командасын жеңип алды.
Оюнда Катар курамасы пенальти аркылуу 3 гол киргизип, 3:1 эсебинде жеңишке жетип, экинчи жолу Азия чемпиону болду. Оюндун биринчи бөлүмүндө Катардын оюнчусу Акрам Афиф пенальтиден ( 21-мүннөттө) гол киргизип эсепти ачты. Иорданиянын оюнчусу оюндун экинчи бөлүгүндө ( 67-мүнөттө) Йазан Ал Наимат гол киргизип эсепти теңди. Андан Катардын оюнчусу Акрам Афиф эки жолу (75-мүнөттө жана 95-мүнөттө) пенальтиден гол киргизип, жыйынтыгында 3:1 эсебинде Азия Кубогунун финалдык оюну жыйынтыкталды.
Катар 2019-жылы болгон Азия Кубогунда чемпион болгон.
Эске салсак, Азия кубогу төрт жылда бир болот. Кийинки Азия Кубогу 2027-жылы Сауд Арабияда өтөт. 18 жолу өткөн Азия Кубогунда Жапония төрт жолу, Сауд Арабия менен Иран үч жолу, Түштүк Корея эки ирет чемпион болушса, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолу чемпион болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Жолдо калган жүргүнчүлөр жылуулук түйүндөрүнө жайгаштырылды

Актөбө облусунда катаал аба ырайынан улам жолдо калган жүргүнчүлөр жылуулук түйүндөрүнө жайгаштырылды. 7-февралдан бүгүнкү күнгө чейин жолдордо 912 адам эвакуацияланды. Алардын 602си чет элдик жарандар, 31и балдар. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул эле мезгилде 161 адам куткарылганын, анын ичинен 17 бала, 7 кош бойлуу аял, 6 чет элдик жарандар экенин […]

Сизге жагышы мүмкүн