Роналду же Месси? Дүйнөнүн эң көп маяна алган футболчусу аталды

Автор

Forbes журналы 2023-жылы дүйнөдөгү эң көп айлык алган футболчулардын рейтингин жарыялады

Тизменин башында португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду турат. Басылманын маалыматы боюнча, 2023-жылы саудиялык “Аль-Наср” клубунан  форвард жалпысынан 260 миллион доллар тапкан, анын 200 миллион доллары эмгек акы жана бонустар, дагы 60 миллиону демөөрчүлөрдөн түшкөн төлөмдөр.

Экинчи орунда азыр америкалык “Интер Майамиде” ойноп жаткан аргентиналык Лионель Месси турат. Анын жыл ичиндеги кирешеси 135 миллион долларга бааланган.

Алдыңкы үчтүктү 2023-жылы 112 миллион доллар киреше тапкан Саудиянын Аль-Хилал командасынын бразилиялык чабуулчусу Неймар толуктады.

 

Эң көп төлөнүүчү 11 футболчу төмөнкүдөй:

 

  1. Криштиану Роналду («Аль-Наср») – 260 миллион доллар;
  2. Лионель Месси («Интер Майами») – 135 миллион;
  3. Неймар («Аль-Хилал») – 112 миллион;
  4. Килиан Мбаппе (ПСЖ) – 110 миллион;
  5. Карим Бензема («Аль-Иттихад») – 106 миллион;
  6. Эрлинг Холанд («Манчестер Сити») – 58 миллион;
  7. Мохамед Салах («Ливерпуль») – 53 миллион;
  8. Садио Мане («Аль-Наср») – 52 миллион;
  9. Кевин Де Брюйне («Манчестер Сити») – 39 миллион;
  10. Гарри Кейн («Бавария») – 36 миллион;
  11. Роберт Левандовски («Барселона») – 34 миллион.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан дүйнөнүн эң көп киреше тапкан он бир оюнчусу быйылкы сезондо 995 миллион доллар табат деп болжолдонууда (салыктар жана агенттик төлөмдөргө чейин), бул былтыркы рейтингден 53 пайызга көп, анда он оюнчу ошол кездеги рекорддук киреше 652 миллион долларга жеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Франциялык химик келечек муунга эмне калтырган?

Франциялык химик Антуан Лоран Лавуазье революциялык кыймыл тарабынан камакка алынып, өлүм жазасы берилгенде 51 жашына келген эле. Сот ага башын кыя чабуу өкүмүн чыгарат. Эртеси башын алуу учурунда токтоолук менен китеп окуп жаткан болот. Бир аздан китептин барагынын четин бүктөп, математикчи досу Жозеф Луи Лагранжды жанына чакырат. – “Башым себетке […]

Сизге жагышы мүмкүн