Жапаров спортчулар Рустамбек уулу менен Исмаиловго батир берди

Автор

Президент Садыр Жапаров спортчулар Рустамбек уулу Нурадинге жана Амантур Исмаиловго батир берди.

Аларга Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда Шаар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Садыр Жапаров спортчулардын талыкпаган эмгегин баалоо, колдоо — мелдештерде жеңишке жетүү, жаштарды спортко тартууну пропагандалоо максатында жасалып жатканын белгиледи. Улан-кыздар спорттун кайсы бир түрүнөн өлкөнүн желегин эл аралык аренада бийик көтөрүп, даңазалаган чемпион, залкар инсан болууга умтулушса, жакшы болот, деп дени сак болууга үндөдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленет

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Мааракелик иш-чаранын бири  30- октябрь күнү саат 14:00 дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акындын китептеринин көргөзмөсү жана илимий-практикалык конференция менен башталып, 31-октябрь күнү саат 11: 00 […]

Сизге жагышы мүмкүн