Илхам Алиев: Үчүнчү дүйнөлүк согушка аз калды

Автор

Азербайжандын президенти Илхам Алиев шаршемби күнү инаугурация аземинде сүйлөп жатып, дүйнө чындыгында үчүнчү дүйнөлүк согушка абдан аз калганын билдирди.
“Бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан процесстерди ар бир адам көрүп турат. Дүйнө чындыгында үчүнчү дүйнөлүк согушка абдан аз калды. Айрымдар бул үчүнчү согуш эбак эле башталган деп эсептешет. Албетте, азыркы согуштар мурункулардан айырмаланат. Экинчи дүйнөлүк согушту азыркы менен салыштырууга болбойт»,-деди Алиев.
Шаршембиде Бакуда 7-февралда бешинчи мөөнөткө кайра шайланган Алиевдин инаугурациясы өттү. Парламент имаратында Алиев конституциялык соттун судьяларынын катышуусунда ант берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Арыктоого жардам берген жашылчалар

Арыктоого жардам берген айрым жашылчаларга брокколи, шпинат, капуста, калемпир, түстүү капуста, спаржа, жана жалбырак салаты. Алар аш болумдуу заттарга бай, калориясы аз жана жипчелери көп болгондуктан, өзүңүздү ток сезүүгө жардам берет. Эң пайдалуу жашылчаны аныктоо кыйын, анткени ар бир жашылчанын өзгөчө азыктык касиеттери бар. Бирок, шпинат сыяктуу жашыл жалбырактуу жашылчалар, […]

Сизге жагышы мүмкүн