Кыргызстандык өспүрүмдөр Кореяда Олимпиадага катышат

Автор

Кыргызстандын биатлон жана тоо лыжасы боюнча улуттук курама командасынфн мүчөлөрү Кореяда өтө турган IV Кышкы өспүрүмдөр Олимпиадасына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Конвон-2024 Кышкы өспүрүмдөр Олимпиадасы 19-январдан 2-февралга чейин Конвондо шаарында өтөт.
Кыргызстандан катыша турган спортчулардын тизмеси:

1. Тимур Шакиров-тоо лыжасы;
2. Альбина Иванова- тоо лыжасы;
3. Артур Сапарбеков- биатлон;
4. Игорь Борисов- машыктыруучу;
5. Александр Левданский- машыктыруучу.
Белгилей кетсек, аталган мелдешке 70 өлкөдөн 1800 спортчу катышат. Спортчулар спорттун 7 түрүнөн, 15 дициплинада жарышышат. Алар: биатлон, бобслей, тоо лыжасы, керлинг, коньки жарышы, лыжа жарышы, трамплинден секирүү, чана спорту, скелетон, лыжное двоеборье сноубординг, муз үстүндө бийлөө, фристайл, шорт-трек, хоккей.

Бөлүшүү:
Next Post

Тик учак кырсыгынан каза болгон аскердин жакындарына жардам көрсөтүлөт

Бишкектеги тик учак кырсыгынан каза болгон аскер кызматкеринин туугандарына жана жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. КР Коргоо министрлигинин жетекчилиги курман болгон офицердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. Учурда ооруканада жаткан калган жабыркаган аскерлер керектүү дары-дармектер менен […]

Сизге жагышы мүмкүн