Париж -2024: Мэнни Пакьяо Олимпиадага катышууга расмий өтүнүчүн берди

Автор

Филиппиндик бокс легендасы  жана алты дивизион боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Мэнни Пакьяо (62-8-2, 39 КО) спорттогу көрүнүктүү карьерасын аяктоо планын чечти.

Буга чейин Мэнни 2024-жылы Франциянын Париж шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына бокс боюнча мелдешке катышууну ойлонуп жатканы белгилүү болгон. Жаш курагы боюнча чектөөлөр аны Азиядагы континенталдык тандоо оюндарына барбай коюуга мажбурлаганына карабастан, Пакьяо Филиппиндин атынан Олимпиадага катышуудан үмүтүн үзгөн жок. Мэнни бокста өзүнүн акыркы максатын – өлкөсүнө алтын алып келүүнү каалайт.

Кызыгы, 45 жаштагы Пакьяонун 2024-жылкы Олимпиада оюндарына катышуусу боюнча расмий өтүнүчтү Филиппиндин Олимпиада комитети “универсалдуулуктун эрежелерине” таянып, Эл аралык Олимпиада комитетине жөнөткөн. Бирок, чечим кабыл алынбаса  болсо, Мэнни 2024-жылкы сынакка катышууга аракет кылышы мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

11-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,   Нарын […]

Сизге жагышы мүмкүн