Париж -2023: Күрөш боюнча Олимпиада оюндарына тандоо турнири өтөт

Автор

Бишкекте 19-21-апрель күндөрү күрөш боюнча Олимпиада оюндарына тандоо турнири өтөт. Спорттук иш-чара “Бишкек Арена” муз аянтчасында орун алат. Мелдеште быйыл Парижде боло турган Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. Турнирге чет өлкөлүк спортчуларга тең тайлаша кыргызстандык балбандар да катышат.
Килемге биринчилерден болуп эркин күрөш боюнча балбандар чыкмакчы.
Алар алты олимпиадалык салмак категориясында күч сынашат: 57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг жана 125 кг.
Кыргызстандын намысын коргоп, Олимпиадага катышуу үчүн жолдомо алууга төмөнкү балбандар күрөшөт:
– Бекзат Алмаз уулу (57 кг);
– Эрназар Акматалиев (65 кг);
– Орозбек Токтомамбетов (74 кг);
– Нуртилек Карыпбаев (86 кг);
– Андрей Аронов (97 кг);
– Айаал Лазарев (125 кг).

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте “Манас” улуттук театры ачылды

Театрдын ачылуу аземине Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушов, Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Кыргыз Эл баатыры Миталип Мамытов, КРнын Эл артисттери Замирбек Үсөнбаев, Жолболду Алибаев ж.б интеллегенция өкүлдөрү, маданият кызматкерлери катышууда. Президент улут сыймыгы болгон Манас эпосун, дастанчылык,төкмөлүк өнөрдү жайылтууга салым […]

Сизге жагышы мүмкүн