Каратэ-до боюнча курама команда Азия чемпионатына катышат

Автор

Кыргызстандын каратэ-до боюнча курама командасынын мүчөлөрү Мелака шаарында (Малайзия) өтө турган Азия чемпионатына катышат.

 

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдеш 18-23-июль күндөрү өтөт.

 

Курама команданын тизмеси:

 

– Милана Сагынбаева — спорт чебери;

– Умида Айсаева (50 кг) — спорт чебери;

– Кымбат Тойтонова (61 кг) — спорт чебери;

– Рафаэль Акбаров (60 кг) — спорт чебери;

– Калыс Нурланбек уулу (67 кг) — спорт чебери;

– Назим Нурланов (75 кг) — спорт чебери.

 

Курама команда башкы машыктыруучу Мырзабек Алиев жана улук машыктыруучу Бакыт Дүйшеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

G7 өлкөлөрү Украинаны мындан ары да колдоорун жарыялашты

Чоң жетиликтин мүчөлөрү НАТОнун саммитинин алкагында биргелешкен декларация кабыл алышты. Чоң жетиликтин өлкөлөрү Украинага канча убакыт керек болсо, ошончо колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу НАТОнун Вильнюстагы саммитинин алкагында кабыл алынган «Жетилик тобунун» биргелешкен декларациясында айтылат.   G7 Украинага узак мөөнөттүү коопсуздук кепилдиктерин сунуштоо үчүн көп тараптуу негизде аракеттенүүгө даяр экенин билдирди. […]

Сизге жагышы мүмкүн