Кыргызcтандын улуттук курама командасы Азия оюндарына катышат

Автор

Кыргызcтандын улуттук курама командасы Азия оюндарына катышат.Бул тууралуу  Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдештер 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт. Оюндар төрт жылда бир өткөрүлүп, ага 40тан ашуун өлкөнүн спортчулары катышат.

Азия оюндарынын программасына жалпы 42 спорттун түрү киргизилген, анын ичинен кыргызстандык спорчтулар 23 спорттун түрүнөн катышат. Алар – бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш түрлөрү (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөшү, грек-рим күрөшү), каратэ, фехтование, жеңил атлетика, каное жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, , кибер спорт, джиу-джитсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол, кураш.

Белгилей кетсек, Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Джакарта шаарында өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командасы 2 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медаль жеңген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан биринчи жолу улуттук паспортту чыгара баштады

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу жарандары үчүн улуттук паспорт басып чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасына жазды. Маалыматка караганда,  жыл башында президент Кыргызстанда жарандардын улуттук паспортторун басып чыгаруу жакында ишке кирерин билдирген. «“Учкун” мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган. Эми өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн […]

Сизге жагышы мүмкүн