Памирлик кыргыздарды колдоого 82 млн сом бөлүндү

Автор

Памирден келген этностук кыргыздарга 82 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Каражат Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген эностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча Министрлер кабинетинин 2022-2024–жылдарга бекитилген программасынын алкагында бөлүндү.
“Бөлүнгөн каражат этностук кыргыздарга тамак-аш азыктары, кийим, дары-дармек жана башка тиричилик буюмдарды сатып алууга жумшалат. Республикалык бюджеттен Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2 млн сом бөлүнүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренеси боюнча турак жайларды курууга республикалык бюджеттен 80 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө каралган сумма толугу менен бөлүндү.

Бөлүшүү:
Next Post

Жыйында граната жардырган депутат камалды

Украинанын Закарпат облусунун Ужгород шаардык соту президентти колдогон «Эл кызматчысы» партиясынын Керецкив айылдык кеңешинин депутаты Сергей Батринди камакка алды. Ал 15-декабрда айылдык кеңештин жыйынында үч граната жардырган. Депутат терактка шектелүүдө. Прокурордун камакка алуу өтүнүчүнө депутат жана жактоочулар каршы эместиги айтылууда. Жардыруулардын натыйжасында 23 адам, 16 эркек жана жети аял жаракат […]

Сизге жагышы мүмкүн