Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселеси талкууланды

Автор

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылга карата аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга жолугушуунун графиги бекитилди, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана демаркациялык карталарды жана атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү маселелери талкууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлду.
Жумушчу топтордун кезектеги жыйыны Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Мамбет Мамакеев, Кыргыз Эл баатыры: "Орозо организмди токсиндерден жана микробдордон тазалайт"

“Орозонун абройу бизде аябай көтөрүлүп калды. Анткени, чоң, кичине дебей мунун пайдасын билип калышты. Бул аябай керектүү, ошон үчүн кызыгып, кармагандар азыр аябай көп. Биздин Улуттук хирургия борборунда 90 пайыз кызматкерлер, анын ичинде техникалык кызматкерлер, дарыгерлер жана мед айымдар орозо кармашат”,- деди Кыргыз Эл баатыры Мамбет Мамакеев. Дарыгер катары орозонун […]

Сизге жагышы мүмкүн