Пакистан Ирандагы элчисин чакыртып алды

Автор

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Ирандын ракеталык чабуулун мыйзамсыз кадам деп эсептей турганын билдирди. Буга жооп катары Исламабад Тегерандагы элчисин чакыртып алды. Ошондой эле Иранга жогорку деңгээлдеги бардык сапарлар да токтотулду.
Булардан тышкары Исламабад кол салуу маалында Тегеранда болгон Иран элчисинен кайрылып келбөөнү суранды.
16-январда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Пакистандагы “Жайш аль-Адль” тобунун штаб-квартирасына ракеталык чабуулдарды жасаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ташовдун чыгымы 5 млн долларга жакын экендиги айтылды

Бийликти төңкөрүүнү кыялданып, издөөгө алынган Имамидин Ташов Кыргызстандын өсүп, өнүгүүсүн каалабаган өлкөлөрдө баш калкалап, алардын коопсуздук кызматтары менен байланышып жатышы мүмкүнбү деген суроолор жаралууда. Эгер андай эле болсо, кыргыз коомчулугу мындай чыккынчылыкты эзели кечирбейт дешүүдө. Андыктан, И. Ташов өлкөгө кайтып, мыйзам алдында өз абийирин тазалашы керек. Учурда миңдеген пайшиктери же, […]

Сизге жагышы мүмкүн