Ташовдун чыгымы 5 млн долларга жакын экендиги айтылды

Автор

Бийликти төңкөрүүнү кыялданып, издөөгө алынган Имамидин Ташов Кыргызстандын өсүп, өнүгүүсүн каалабаган өлкөлөрдө баш калкалап, алардын коопсуздук кызматтары менен байланышып жатышы мүмкүнбү деген суроолор жаралууда. Эгер андай эле болсо, кыргыз коомчулугу мындай чыккынчылыкты эзели кечирбейт дешүүдө. Андыктан, И. Ташов өлкөгө кайтып, мыйзам алдында өз абийирин тазалашы керек.
Учурда миңдеген пайшиктери же, батирин же, акчасын алалбай жатышат. Өткөн жуманын аягында Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ” “KG Групп”” курулуш компаниясына алданып калган кардарлар менен жолугушушту. Белгилүү болгондой, эми компанияга таандык болгон мүлктөр сатылып, андан түшкөн каражатка компаниянын курулушу токтоп турган имараты бүткөрүлөт. Жыйналышта жалпы чыгым 5 млн долларга жакын экендиги айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалы айтылды

Бишкекте тик учак кырсыгынын жабыркагандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Тез жардам ооруканасында 8 адам дарыланууда. Реанимацияда жаткан төртөөнүн экөө палатага которулду. Жабырлануучулардын экөө Улуттук госпиталда, алардын абалы дагы туруктуу. Эске сала кетсек, 17-январда КР ККнын Абадан кол салуудан коргоо […]

Сизге жагышы мүмкүн