ЖККУ өлкөлөрү абадан коргонуунун бирдиктүү системасын түзүштү

Автор

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөр абадан коргонуунун бирдиктүү системасын түзүштү. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Москва. Кремль. Путин» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Россия ар бир өлкө менен келишим түзгөн. “Бирдиктүү абадан коргонуу системасы КМШда бар. Ал эми ЖККУда бул иш жүзүндө жасалган. Документ керек болсо, биз документтештиребиз. Бирок ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ар бири менен эки тараптуу келишимибиз бар”,-деди министр.
ЖККУга алты мамлекет – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттын атасы кримчөйрөдөн баш тартты

Кылмыштуу чөйрөдө “Дед Хасан жана прокурор” деген каймана ат менен белгилүү делген 1964-жылы Лейлек районунда туулган Ажибаев Ильяскожо Рахманбедиевич аттуу жаран кармалып, УКМКга алып келинди. Профилактикалык иш – чаранын негизинде ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ал элге кайрылуу жасап, крим чөйрөдөн баш тартканын билдирди. “Мурда мыйзам менен жашаган болсом мындан […]

Сизге жагышы мүмкүн