Ош облусу боюнча дем берүүчү гранттын эсебинен 63 долбоор каржыланды

Автор

2023-жылдын 10 айына карата Ош облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 105,1 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган суммага 63 долбоор каржыланды. Алар:

 

– 19 мектепке – 32,5 млн сом;

 

– 1 саламаттык сактоо мекемелерине 2 млн сом;

 

– 22 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 34,4 млн сом;

 

– 2 спорттук курулушка – 5,2 млн сом;

 

– 8 маданий маанидеги объектиге – 13,1 млн сом;

 

– 11 бала бакчага – 17,9 млн сом жумшалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров Жаштар күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: “Урматтуу Кыргызстан жаштары! Сиздерди Жаштар күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Бүгүнкү күндө жаңы Кыргызстанды курууга багытталган коомдук-саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууда жаштарыбыздын ролу артып, катышуусу күндөн-күнгө өсүп жаткандыгы мени абдан кубандырат. Өлкө турмушунда маанилүү орунду ээлеген, […]

Сизге жагышы мүмкүн