Бүгүн Бишкекте Италия кино күндөрү башталат

Автор

Бүгүн Бишкекте Италия кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, тасмалар 15-16-ноябрь күндөрү “Ала-Тоо” кинотеатрыда көрсөтүлөт. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Иш-чаранын расмий ачылышы 15-ноябрда саат 18:00дө өтүп, саат 18:20да кинотеатрдын чоң залында “Даньте” фильми көрсөтүлөт. Ал эми саат 20:00дө көрүүчүлөрдүн назарына “Сага чуркайм” тасмасы тартууланат (кичи зал).

16-ноябрда саат 12:00дө “Орландо”, саат 14:30да Ipersonia фильми көрсөтүлөт. Эки тасма тең кичи залда коюлат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты камакка алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май соттунун  басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун 25-октябрдагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн айыпталуучу Б.Ж.А.га карата тергөө убагында, башкача айтканда 2023-жылдын 23-декабрына чейин УКМКнын СИЗОсуна камоо боюнча өтүнүчү канааттандырылып, […]

Сизге жагышы мүмкүн