Камчыбек Ташиев Баткендеги келиндин өлүмү боюнча кайрылуу жасады

Автор

Кадамжай районунда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан 23 жаштагы келиндин аянычтуу тагдыры боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
«Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду. Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер! Эгерде, сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар!
Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз!
Эне бар, үй бүлө бар, Мекенибиз болот», — деп жазган Ташиев.
Белгилей кетсек, Кадамжай районунда 23 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза тапты. Ал 1-топтогу майыптыгы бар экени айтылды. Артында 2 кызы калды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү

Бүгүн кыргыз музыкасынын алпы, залкар обончу жана чебер аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак. Бүгүнкү датага байланыштуу обончу Хабибилла Азиреткуловдун эскерүүсүн сунуш кылабыз: “БУЛБУЛДАРДЫН ТУКУМУ АЗ” “Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт”- дейт эмеспи. Бул накыл кептин төркүнү улуу устатым, керемет талант, кеменгер ага, адамдын […]

Сизге жагышы мүмкүн