Ошто 2 мамлекеттик дарыкана ачылды

Автор

Кыргызстан боюнча 250 мамлекеттик дарыканалар ачылат. Дары дармектердин баасы 30 пайызга чейин арзандатылат. Мындай маалыматты саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

“Биз дарыларды өндүрүүчүлөрдөн түз алганыбыз үчүн учурда жеке дарыканаларга караганда мамлекеттик дарыканаларда 20-25 пайызга арзан. Айрым дарыканаларда дарылардын мөөнөтү өтүп кеткенин байкадык.  Мындан ары ким мындайга жол берсе, катуу жоопко тартылат”,- деди министр.

Ал кечээ, Ош шаарында “Эл аман” деп аталган 2 мамлекеттик дарыкана ачты.

Бөлүшүү:
Next Post

Мыйзамсыз курулуштардын тагдырын парламент чечет

Учурда өлкө аймагында 87 мыйзамсыз курулуштар бар. Мыйзамсыз курулган 36 обьекти Бишкек шаарында курулган. Анын 21 имаратына калк отурукташып алган. Убагында курулуш компаниялары мамлекет уруксат бербесе деле өзүмбилемдик менен салып алышканын Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Иманакун уулу Талант билдирди. Мындай курулуштар 2017-2018-жылдары салынып калган. Мамлекеттик курулуш […]

Сизге жагышы мүмкүн