31 кыргызстандык алгычкы төлөмсүз ипотекага ээ болду

Автор

2023-жылдын 3 айында өлкөнүн 5 облусунда 31 кыргызстандык мамлекеттик программанын алкагында турак жай сатып алуу үчүн ипотекалык кепилдик алышты. Бул тууралуу Кепилдик фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  “Кепилдик фондунун”колдоосу менен кыймылсыз мүлк эң көп Чүй (13) жана Нарын облустарында (10), андан кийин Жалал-Абад (5), Ысык-Көл (2) жана Талас облустарында (1) сатылып алынган.

“Кепилдик фонду” ААК тарабынан 10,7 млн сомдон ашык суммага кепилдиктер берилип, анын аркасында 66,7 млн сомдук ипотекалык насыя берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын аягында “Кепилдик фонду” ААК, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК жана “РСК Банк” ААК аймактардын жашоочулары үчүн (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) ипотекалык кепилдиктерди берүү боюнча келишимге кол коюшкан. Бул келишимге ылайык, Кепилдик фонду баштапкы төлөмдүн жетишпеген суммасын бере алат. Бүгүнкү күндө ал турак жайдын наркынын 20% түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Экс-президенттин жээни президенттикке талапкерлигин койду

Кенже Кеннеди 2024-жылы Демократиялык партия катары президенттикке ат салышуу үчүн Федералдык шайлоо комиссиясына арыз тапшырды.  Арызды  5-апрелде анын шайлоо штабынын казыначысы Жон Э.Салливан тастыктады.  69 жаштагы Жон Кеннеди  Нью-Йорктун мурдагы сенатору, АКШнын башкы прокурору Роберт Кеннединин уулу жана 1963-жылы киши колдуу болгон АКШнын президенти Жон Кеннединин жээни. CNN билдиргендей, кенже […]

Сизге жагышы мүмкүн